> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кышкыга карата электр жабдуулар оңдолууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/11/bishkekte-kyshkyga-karata-elektr-zhabduular-ondoluuda/
- Published: 2026-05-11T09:54:20.000Z
- Updated: 2026-05-11T09:54:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык компанияларга бир катар маанилүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып Бишкек шаарында масштабдуу даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2026-жылга карата электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында төмөнкү иштер пландалган:

> *38 кошумча трансформатор орнотуу;*

> *31 эскирген комплекттүү трансформатордук көмөкчордондордун (КТП) шкафтары жаңы ГКТП шкафтарына алмаштыруу;*

> *78 темир-бетон мамычаларын орнотуу;*

> *төмөнкү чыңалуудагы 40 700 км электр чубалгыларын реконструкциялоо.*

> *Жаңы темир-бетон мамычалары төмөнкү РЭТтерде орнотулат:*

> *Чыгыш РЭТ - 50 даана;*

> *Батыш РЭТ - 103 даана;*

> *Түндүк РЭТ - 125 даана.*

> *Трансформаторлор боюнча төмөнкү иштер жүргүзүлөт:*

> *• Чыгыш РЭТ - 113 даана трансформатор оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;*

> *Батыш РЭТ - 100 даана трансформатор оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;*

> *Түндүк РЭТ - 85 даана трансформатор оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.*

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2248 даана трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Бул иш-чаралардын натыйжасында жаңы абоненттерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, электр тармактарындагы жүктөм тең салмакталат. Мындан тышкары чыңалуунун туруктуулугу жогорулап, электр энергиясынын жоготуулары 80%га чейин кыскарып, электр менен камсыздоонун сапаты 90%га чейин жакшыртылат.