> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу жаңы станциялар орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/12/ysyk-koldo-elektr-unaalaryn-kubattoochu-zhany-stantsiialar-ornotulat/
- Published: 2026-05-12T08:49:59.000Z
- Updated: 2026-05-12T08:49:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААКы өлкөдө электр кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү иштерин улантууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда негизги көңүл Ысык-Көл облусуна бурулуп, аймакта жаңы электр кубаттоочу станцияларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

> Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылындагы Мамбетова жана Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч электр кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле адистер Ысык-Көл облусу боюнча жаңы станцияларды орнотууга байланыштуу уруксат берүүчү документтерди даярдап жатышат.

Долбоордун алкагында Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3, Түп айылында 4, Каракол шаарында 3, Чолпон-Ата шаарында 3 жана Бостери айылында 3 электр кубаттоочу станция орнотулат.

Маалыматка ылайык, кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү өлкөнүн негизги калктуу конуштарын жана туристтик аймактарын камтыйт.

> Эске салсак, 2025-жылы “Чакан ГЭС” ААКы тарабынан жалпысынан 10 электр кубаттоочу станция орнотулган. Алар Бишкек шаарында, Кемин районунда жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан.

Долбоор электромобилдердин ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө жана заманбап транспортко өтүүнү колдоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-5.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-5.jpeg)