> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ири ГЭСтерде кышка даярдык жүрүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/13/iri-gesterde-kyshka-daiardyk-zhuruudo/
- Published: 2026-05-13T09:04:53.000Z
- Updated: 2026-05-13T09:04:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Күрп-Сай гидроэлектр станцияларында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Таш-Көмүр ГЭСинде №3 гидроагрегатты, күч трансформаторлорун жана жогорку чыңалуудагы жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана коммутациялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү аткарылууда.

Шамалды-Сай ГЭСинде №1 трансформаторду жана жогорку чыңалуудагы өчүргүчтү пландуу оңдоо иштери уланууда.

> *Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Комплекстүү модернизациянын натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу ырааттуу түрдө өсүп жатат.*

> *Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатка, жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөргө, ажыраткычтарга жана 110 кВ “Кызыл-Рават-1” электр берүү линиясындагы жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүлүүдө.*

> Ал эми Күрпсай ГЭСинде кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформаторлор заманбап жана кубаттуулугу 125 000 кВА болгон автотрансформаторлорго алмаштырылууда.

Мындан тышкары Күрп-Сай ГЭСинде көмөк чордондогу жабдууларды комплекстүү жаңылоо алкагында жогорку чыңалуудагы ажыраткычты оңдоо иштери жүрүүдө.