> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чакан ГЭС" күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин жүргүзүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/19/manas-shaaryndagy-mektepke-375-orunduu-koshumcha-korpus-kuruluuda/
- Published: 2026-05-19T11:13:37.000Z
- Updated: 2026-05-19T11:13:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында даярдык иштерин улантууда.**

Министрликтин маалыматына ылайык, "Чакан ГЭС" ААК 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата гидроэлектростанцияларда капиталдык, орточо жана утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.

> 2026-жылга бекитилген планга ылайык, ГЭС-3, ГЭС-4, ГЭС-5 жана ГЭС-6дагы бир катар гидроагрегаттар капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле Быстровка ГЭСиндеги №2 жана ГЭС-1деги №1 гидроагрегаттарга орточо оңдоо жүргүзүлүүдө.

Учурда ГЭС-6дагы капиталдык оңдоонун алкагында гидроагрегаттын статор оромосунун изоляциясы алмаштырылып, электрдик сыноолор жүргүзүлүп жатат. Бул иштер июнь айынын ортосунда аяктары күтүлүүдө.

> Мындан тышкары, быйыл негизги жана көмөкчү жабдууларга, имараттар менен курулмаларга жалпысынан 299 утурумдук оңдоо жүргүзүү пландалган.

Ошондой эле:

- 8 трансформатор алмаштырылат;
- ГЭС-3кө жаңы тиристордук козгоо системасы орнотулат;
- 35 кВ чыңалуудагы заманбап вакуумдук өчүргүчтөр сатып алынып, орнотулат.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иштер гидроэлектростанциялардын күз-кыш мезгилиндеги үзгүлтүксүз ишин камсыздап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1-44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-21.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-27.jpeg)