> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таш-Көмүр ГЭСинде кыш мезгилине карата даярдык иштери уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/20/tash-komur-gesinde-kysh-mezgiline-karata-daiardyk-ishteri-ulanuuda/
- Published: 2026-05-20T08:21:19.000Z
- Updated: 2026-05-20T08:21:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан берилген тапшырманын негизинде Таш-Көмүр ГЭСи 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин улантып жатат.**

> *Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, негизги максат — энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына суроо-талап күчөгөн мезгилде өлкө керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.*

Бекитилген оңдоо графигинин алкагында учурда станцияда бир катар техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Алардын ичинде №3 гидроагрегаттын генераторун оңдоо, өчүргүчтөрдү жана башкаруу системаларын текшерүү, гидроагрегаттын таяныч жабдууларындагы май муздаткычтарын оңдоо жана профилактикалык көзөмөл иштери бар.

> *Энергетика министрлиги бардык иштер техникалык талаптарга ылайык пландуу түрдө аткарылып, өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталгандыгын билдирүүдө*. Ага ылайык, оңдоо жана даярдык кампаниясын 2026- жылдын ноябрь айына чейин аякташы пландалган.

---

Таш-Көмүр ГЭСи - өлкөдөгү ири гидроэлектр станциялардын бири болуп саналат. Анын орнотулган кубаттуулугу 450 мегаватты түзөт. Станциядагы биринчи гидроагрегат 1985-жылы, экинчиси 1986-жылы, үчүнчүсү 1987-жылы пайдаланууга берилген. ГЭС толук кубаттуулукта 1987-жылдан тарта иштей баштаган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/703222127_18104572298476120_6276779751004019615_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/703247548_18104572328476120_4836820133430648638_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/703136151_18104572271476120_3110684606991016435_n.jpg)