> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте көмөк чордондор жаңыланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/25/bishkekte-komok-chordondor-zhanylanuuda/
- Published: 2026-05-25T05:05:51.000Z
- Updated: 2026-05-25T05:05:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүү максатында Энергетика министрлиги тарабынан өлкөнүн энергетикалык компанияларынын алдына бир катар маанилүү милдеттер коюлган. Бекитилген планга ылайык, 2026-жылдын апрель айынан тартып борбор калаада масштабдуу даярдык иштери башталган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын энергетикалык системасын өнүктүрүү, электр тармактарын модернизациялоо жана калкты электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2026-жылы төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

> *38 кошумча трансформатор орнотуу;*

> *эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун (КТП) шкафтарын заманбап ГКТП шкафтарына алмаштыруу;*

> *278 темир-бетон мамысын орнотуу;*

> *кабелдик жана аба электр берүү линияларынын айрым тилкелерин реконструкциялоо;*

> *энергетикалык объектилерде профилактикалык иштерди жүргүзүү.*

Бүгүнкү күндө Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында 2248 трансформатор бар. Жыл аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн өтүп, зарыл болгон оңдоо иштери жүргүзүлөт.