> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Жалал-Абадда 65 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/25/byiyl-zhalal-abadda-65-min-akylduu-eseptegich-ornotuu-plandaluuda/
- Published: 2026-05-25T11:27:19.000Z
- Updated: 2026-05-25T11:27:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.** 

2025-жылы Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларында 78 миң 500 даана 1-фазалуу, ал эми бардык район электр тармактарында 4 миң 745 даана 3-фазалуу акылдуу эсептегич орнотулду.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого, дебитордук карыздарды азайтууга жана жоготууларды төмөндөтүүгө жардам берет.

> Мындан тышкары, “КУЭТ” ААКнын “Жоготууларды кыскартуу” боюнча буйругунун негизинде Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пилоттук долбоор ишке ашырылып, 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланды. Анын алкагында СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү зымдары тартылды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бир катар фидерлерде жоготуулар азайды:

- “Чолок-Терек” фидеринде 20,5%дан 15,3%га;
- “Таштемиров” фидеринде 14,8%дан 6,7%га;
- “ГЭС” фидеринде 19,3%дан 12,4%га чейин төмөндөдү.

Бул көрсөткүчтөр акылдуу технологиялардын энергетика тармагындагы натыйжалуулугун көрсөтүп, электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүүгө шарт түзүүдө.

> 2026-жылы Сузак районунун Көк-Арт аймагына, Ноокен жана Токтогул райондоруна, ошондой эле Таш-Көмүр шаарына 65 миң даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт.

Санариптешкен система — так көзөмөлдүн, туруктуу камсыздоонун жана аз жоготуунун негизги кепилдиги.