> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/05/28/aitmatov-raionduk-elektr-tarmagy-47-zhyldan-kiiin-zhanylanuuda/
- Published: 2026-05-28T11:55:58.000Z
- Updated: 2026-05-28T11:55:57.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда.

Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр системалары жакшыртылууда.

Ошондой эле мекеменин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймакка асфальт төшөлүүдө. Бул иштер кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

> Белгиленгендей, аталган имарат 1978-жылы курулган. Учурда Айтматов райондук электр тармагында 59 кызматкер эмгектенет.

Долбоор “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, энергетика тармагындагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-74.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/707114231_978770974747878_7603983167020850748_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-61.jpeg)