> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери аяктаса, анын кубаттуулугу 220 МВт болот
- URL: https://im.kg/energetika/2026/06/05/uch-korgon-gesin-zhanyloo-ishteri-aiaktasa-anyn-kubattuulugu-220-mvt-bolot/
- Published: 2026-06-05T03:59:59.000Z
- Updated: 2026-06-05T03:59:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**МинКаб Төрагасынын орун басары - Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин ишмердүүлүгү жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып келди. Иш сапардын жүрүшүндө иштин сапатына көңүл бурулуп, өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасы берилди.** 

> Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери 2026-жылдын соңуна чейин толук бүткөрүлүшү пландалган.

МинКаб Төрагасынын орун басарына станциянын негизги генерациялоочу жабдууларын жаңылоо, өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатуу, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялык коопсуздугун камсыздоого багытталган иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

> Учурда объектте башкы подрядчы болгон Кытайдын CNEEC компаниясы курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 100дөн ашуун адис тартылган.

Жалпысынан Үч-Коргон ГЭСинде 4 даана гидроагрегат болсо, анын 2 гидроагрегаты учурда модернизацияланууда. Аларды оңдоо иштери аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 220 МВт болот, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү узартылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/714063588_18106430507476120_663282891546629623_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/714486346_18106430516476120_7800322429409005843_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/06/717317619_18106430489476120_5656066512244832797_n.jpg)

Ишмердүүлүгү жана оңдоо иштери менен таанышкан МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков иштин сапатына көңүл буруп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.