> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындык энергетиктерге атайын техникалар тапшырылды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/06/09/naryndyk-energetikterge-ataiyn-tekhnikalar-tapshyryldy/
- Published: 2026-06-09T09:19:58.000Z
- Updated: 2026-06-09T09:19:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Нарын электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткарууга ишканага 4 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди**.

Нарын электр тармактар ишканасына төмөнкү техникалар тапшырылды:

1 “FAW” үлгүсүндөгү автовышка – 25 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Техника кызматкерлердин коопсуз иштөөсү үчүн атайын кабинка менен жабдылган;

2 “Isuzu” үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа – авариялык жана эксплуатациялык бригадаларды ташууга ылайыкталган, кызматкерлер үчүн кенен жана ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган;

1 экскаватор – жер казуу жана курулуш-монтаж иштерин аткарууда колдонулат.

> *Белгилей кетсек, 2026-жылдын 5-июнунда энергетика тармагынын ишин жакшыртуу, ошондой эле штаттан тышкаркы кырдаалдарды ыкчам жоюу максатында “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы 41 атайын техника сатылып алынып, пайдаланууга берилген.*

Жаңы техникалар электр тармактарындагы оңдоо, тейлөө жана авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзүп, керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.