> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде селдин кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/06/23/batkende-seldin-kesepetinen-elektr-energiiasy-uzgultukko-uchurady/
- Published: 2026-06-23T08:38:11.000Z
- Updated: 2026-06-23T08:38:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Селдин кесепетинен Баткен облусунун айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.**

Орозбеков айыл аймагы жана Шахимардан жогорку чыңалуудагы 35 кВ “Айдаркен-1” жана “Аайдаркен-2” аба чубалгыларынын үстүнө терек кулап, убактылуу электр энергиясыз калган. Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жаралган мүчүлүштүк жоюлду. Натыйжада Орозбеков айыл аймагы менен Шахимарданга электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.

> *Суубашы айыл аймагынын Бөжөй айылында сел сууларынын кесепетинен 6 кВ аба чубалгысындагы 6 даана электр мамычасы агып кеткен. Учурда адистер жеринде иш алып барып, бузулган электр тармактарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.*

Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.