> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/11/chatkalda-zhany-gestin-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2026-07-11T09:08:58.000Z
- Updated: 2026-07-11T09:08:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти.**

Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты.

> *Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошот.*

Район жетекчилиги долбоорлордун үзгүлтүксүз жана сапаттуу ишке ашырылышына өзгөчө көңүл буруп, бардык жаралган маселелерди тиешелүү мекемелер менен биргеликте ыкчам чечүү багытында иш алып барууда.