> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасына "жашыл" энергияны киргизүү талкууланды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/14/aiyl-charbasyna-zhashyl-energiiany-kirgizuu-talkuulandy/
- Published: 2026-07-14T09:59:02.000Z
- Updated: 2026-07-14T09:59:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Эрлист Акунбеков чакан кубаттуулуктагы кайра жаралуучу энергия булактары боюнча комитеттин төрагасы Азамат Осмонбаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, жолугушууда агроөнөр жай комплексине заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды.

> Ошондой эле тараптар айыл чарбасында кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну жана бул багыттагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда кайра жаралуучу энергияны пайдалануу агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*