> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетти
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/20/elektr-energiiasyn-kerektoo-rekordduk-korsotkuchko-zhetti/
- Published: 2026-07-20T11:56:00.000Z
- Updated: 2026-07-20T11:55:59.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Аптаптуу ысыктан улам 19-июлда өлкө боюнча 50 млн 122 миң кВт/саат электр энергиясы керектелген. Былтыр ушул күнү бул көрсөткүч 42 миллион 514 миң кВт/саат эле. Жыл ичинде керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18%ге өстү. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.**

> *"Буга кондиционерлердин жана башка климаттык жабдуулардын массалык түрдө колдонулушу себеп. Абанын температурасы 45 градуска жеткенде электр зымдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү 25%ге чейин төмөндөп, жабдууларга күч келүүдө. Авария жана жабдуулардын иштен чыгышын алдын алуу үчүн Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы эки сааттай өчүрүлүшү мүмкүн”, -дейт "Улуттук электр тармагы" ишканасынан.*

Энергетиктер күндүз электр энергиясына суроо-талап эң жогору болгон маалда аны мүмкүн болушунча үнөмдөөгө чакырышат.