> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнү бою газ болбойт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/21/bishkektin-airym-zherlerinde-3-kunu-boiu-gaz-bolboit/
- Published: 2026-07-21T04:30:51.000Z
- Updated: 2026-07-21T04:30:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**“Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына ылайык, жер алдындагы орто басымдагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 21-июлдан 24-июлга чейин төмөнкү аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.**

Чоң Чүй каналы, Фучик көчөсү, Дорожная көчөсү, Юбилейная көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш Гвардия көчөсү, Саадаев көчөсү, Школьная көчөсү, Садовый көчөсү, Коллекторная көчөсү, Новая көчөсү, Кыргыз көчөсү жана Советский көчөсү менен чектеш аймактар.

> *“Бишкекгаз” жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерди энергиянын башка булактарын колдонууга чакырат.*

Бул иштер жаратылыш газын коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.