> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр энергиясы күндүн ысыктыгына байланыштуу өчүрүлүп жаткандыгы маалымдалды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/21/elektr-energiiasy-kundun-ysyktygyna-bailanyshtuu-ochurulup-zhatkandygy-maalymdaldy/
- Published: 2026-07-21T06:16:22.000Z
- Updated: 2026-07-21T06:16:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымат таратып, Бишкек шаарында жөнгө салуу максатында жарыкты өчүрүү чараларына түшүндүрмө берди.** 

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын адаттан тыш жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын аймагында электр энергиясын керектөөнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү катталды. Ишкана эң жогорку чекке жеткен керектөөнү буга мисал катары келтирген.

> *19-июлда суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт/саатты түздү. Былтыркы жылы бул күнкү көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саат болгон.* 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.