> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги күз-кышка даярдык маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/23/energetika-ministrligi-kuz-kyshka-daiardyk-maselesin-talkuulady/
- Published: 2026-07-23T05:15:07.000Z
- Updated: 2026-07-23T05:15:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Күн мурун энергетика министри Алтынбек Рысбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн энергетикалык комплексин 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңейтилген жыйын өттү.**

Жыйынга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо, оңдоо иштеринин жүрүшү, электр тармактарынын, көмөк чордондордун жана жабдуулардын даярдыгы, авариялык-оңдоо кызматтарынын ишке даярдыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

> Министр Алтынбек Рысбеков бардык пландалган оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, энергетикалык объектилердин даярдыгын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу, авариялык бригадалардын даярдыгын камсыз кылуу жана материалдык-техникалык запастарды өз убагында толуктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле аймактарда күз-кышка даярдык иштеринин жүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу жана бардык иш-чаралардын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/750906572_1544357590654851_8978666051080972113_n.png.jpeg)