> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогулда 2 млн сомго жакын каражатка электр мамылары алмаштырылууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/28/toktogulda-2-mln-somgo-zhakyn-karazhatka-elektr-mamylary-almashtyryluuda/
- Published: 2026-07-28T11:59:49.000Z
- Updated: 2026-07-28T11:59:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан А. Сүйөркулов айыл аймагына караштуу Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Көтөрмө айылдарындагы эскирген жыгач мамыларды жаңылоо максатында керектүү электр жабдуулары толугу менен сатып алынып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.**

Токтогул райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, айыл аймагына жеткирилген жабдуулардын тизмеси:

СВ-95 темир-бетон электр мамычалары –133 даана;

0,4 кВ траверсалар –113 даана;

ТФ-20 изоляторлору – 532 даана;

А-35 электр зымы – 16 660 метр

Жалпы суммасы: 1 955 450 сом.