> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлигине 50,8 млн сомдук техникалар тапшырылды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/29/energetika-ministrligine-50-8-mln-somduk-tekhnikalar-tapshyryldy/
- Published: 2026-07-29T04:32:18.000Z
- Updated: 2026-07-29T04:32:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги өлкө тургундарын жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны системдүү түрдө чыңдоону улантууда. Бул багытта электр тармактарынын атайын техника паркы заманбап техникалар менен толукталууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, 28-июлда Энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалдары үчүн алынган жалпы суммасы 50,8 млн сомду түзгөн 8 даана кран-манипулятордун жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаанын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.*

Иш-чарада министр техникалык паркты жаңылоо энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн арттырууда, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүдө жана энергетиктер үчүн коопсуз, заманбап эмгек шарттарын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.