> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлигинде кадрдык орун алмашуулар жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/30/energetika-ministrliginde-kadrdyk-orun-almashuular-zhurguzuldu/
- Published: 2026-07-30T10:28:07.000Z
- Updated: 2026-07-30T10:28:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Энергетика министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.**

> *Министрдин орун басары Бекнур Маратбеков Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин экономика факультети, “Электр энергетика ишканаларында экономика жана башкаруу" адистигин бүтүргөн.*

> *Дагы бир орун басар Мирлан Парханов 2006–2011-жылдары В.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университети, “Менеджмент жана башкаруу” адистигин аяктаган.*

Жаңы жетекчилер энергетика тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында кесиптик тажрыйбага ээ адистер. Алардын ишмердиги Энергетика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, өлкөнүн энергетикалык комплексинин туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга, ошондой эле тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерди аткарууга багытталат.