> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курсантбек Өмүрбеков Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/07/30/kursantbek-omurbekov-energetika-ministrinin-orun-basary-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-07-30T09:44:10.000Z
- Updated: 2026-07-30T09:44:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Курсантбек Өмүрбеков Энергетика министринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.**

> *Курсантбек Өмүрбеков Энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025-жылдары Энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору кызматында иштеген.*

Курсантбек Өмүрбеков эки жогорку билимге ээ:

2003–2008-жылдары – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги – “Инженер-энергетик”

2022–2024-жылдары – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Менеджмент” багыты боюнча магистратурасын аяктаган.