> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/03/kytailyk-investorlor-kadamzhaida-zhany-ondurush-dolboorlorun-sunushtady/
- Published: 2026-08-03T03:29:51.000Z
- Updated: 2026-08-03T03:29:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык багыттагы ири өндүрүштүк долбоорлорун тааныштырышты.

Тактап айтканда, заманбап логистикалык борборлорду, күнөскана комплекстерин жана башка өндүрүштүк-инфраструктуралык объектилерди куруу пландары сунушталды.

> Мындан тышкары, тараптар инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындай кызматташтык Кадамжай районунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-03-at-09.17.49.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-03-at-09.17.51.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-03-at-09.17.50.jpeg)