> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштун “Төлөйкөн” көмөк чордонунда 40 миң кВАлык трансформатор орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/04/oshtun-toloikon-komok-chordonunda-40-min-kvalyk-transformator-ornotulat/
- Published: 2026-08-04T11:12:47.000Z
- Updated: 2026-08-04T11:12:46.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Ош электр тармактары ишканасына 40 миң кВА кубаттуулуктагы трансформатор алып келинди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.**

Жабдуу электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылуу жана тармактагы жүктү азайтуу максатында орнотулат.

> Жаңы трансформатор Кытайдан "КУЭТ" ААКнын каржылоосу менен жеткирилип, Ош шаарындагы 110/35/10 кВ “Төлөйкөн” көмөк чордонундагы 25 миң кВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна коюлат.

Аны орнотуу менен Ош шаарынын батыш бөлүгүндөгү Төлөйкөн, Анар, Черёмушки, Кулатов кичи райондорунун, ошондой эле Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жана бир катар жаңы конуштардын тургундары жарык менен ишенимдүү камсыз болот.

> Мындан тышкары, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлар, социалдык объектилер, өндүрүш жана тейлөө жайлары үчүн электр кубаттуулугу жогорулайт. Бул аймакта жаңы Ош базары жана "Эне-Сай" турак жай комплекси сыяктуу ири объектилер жайгашкан.

Учурда трансформаторду орнотууга даярдык көрүлүп жатат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/763360091_2233125704142577_6462439465140253822_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/765872350_2233125710809243_4362393058435623798_n.jpg)

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*