> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/05/bishkektin-airym-zherlerinde-gaz-ochurulot-3/
- Published: 2026-08-05T08:15:34.000Z
- Updated: 2026-08-05T08:15:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**“Бишкекгаз” кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин айрым райондордо жаратылыш газы берилбей турганын маалымдады.**

Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:

> *Лермонтов көчөсү, темир жол, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, ЧЧК, “Энергетиктер шаарчасы”, “Аламүдүн-1” кичирайону, “Куруучулар шаарчасы”, “Учкун”кичирайону, “Учкун” турак жай массиви, АГНКС жана “Бишкек Сүт” аймактары.*

“Бишкекгаз” убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерден энергиянын башка булактарын колдонууну өтүндү.