> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орто-Токой ГЭСинде негизги курулуштардын бири жыйынтыкталды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/05/orto-tokoi-gesinde-negizgi-kurulush-ishterinin-biri-zhyiyntyktaldy/
- Published: 2026-08-05T10:01:38.000Z
- Updated: 2026-08-05T10:01:37.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Орто-Токой ГЭСиндеги 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн жана 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу аяктап, кубаттуулугу 25 миң кВА болгон трансформатор орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.** 

"Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, бул иштер өндүрүлгөн жарыкты өлкөнүн энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүнү камсыздайт.

> Белгиленгендей, курулуштун эң татаал баскычы аба электр чубалгысын дарыянын үстү аркылуу өткөрүү болду. Иштер суунун агымы секундасына 50 куб метрге чейин жеткен шартта жүргүзүлүп, атайын техниканын жардамы менен ийгиликтүү аяктаган.

Учурда долбоор улантылып, аба электр чубалгысын "КУЭТ" ААКнын тармагына кошуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/-----3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----2-2.jpeg)