> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/06/kyrgyzstanda-elektr-tarmaktaryn-zhanyloogo-zamanbap-zymdar-koldonulat/
- Published: 2026-08-06T12:20:06.000Z
- Updated: 2026-08-06T12:20:05.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Кыргызстандын энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо үчүн өлкөгө 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП-2) алып келинди.**

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты.

> Жалпы узундугу 100 миң метр болгон СИП-2 зымдарынын кесилиши 3×70+1×70 мм² түзөт. Жеткирүүнүн жалпы баасы 40,5 млн сомду түздү.

Министрликтин маалыматы боюнча, заманбап зымдарды колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү жарык менен туруктуу камсыздоого шарт түзөт.

> Аталган долбоор Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, электр тармагын жаңылоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----1.jpeg)

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*