> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кышка даярдык: ГЭСтерде жабдуулар жаңыланып, туруктуулук камсыздалууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/07/kyshka-daiardyk-gesterde-zhabduular-zhanylanyp-turuktuuluk-kamsyzdaluuda/
- Published: 2026-08-07T12:12:21.000Z
- Updated: 2026-08-07T12:12:20.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**"Электр станциялар" ачык акционердик коому 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата гидроэлектр станцияларын даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Компаниянын маалыматына ылайык, ГЭСтерде гидроагрегаттар, генераторлор, трансформаторлор жана башка негизги жабдуулар оңдолуп, жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. 

> Ошондой эле релелик коргоо жана автоматика тутумдары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана байланыш каражаттары текшерилип, кышкы шартта иштөөгө даярдалууда.

Токтогул ГЭСинде өндүрүштүк имараттарды жана түтүк өткөргүчтөрдү жылуулап жатышат. Күрп-Сай ГЭСинде дагы жабдууларды жаңылап, анын ичинде айрым электр жабдууларын алмаштыруу иштери аткарылууда.

> Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында гидроагрегаттарды жана трансформаторлорду оңдоо, суу сактагычтардын аймактарын тазалоо уланууда. Үч-Коргон ГЭСинде болсо суунун чыгымын эсепке алуу тутумун киргизүү иштери аяктоо алдында турат.

Камбар-Ата ГЭС-2де гидроагрегаттар, трансформаторлор жана 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр текшерилип, жылытуу тутумдары даярдалууда. Ошондой эле авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча машыгуулар өткөрүлүп, кызматкерлердин даярдыгы күчөтүлүүдө.

> Ат-Башы ГЭСинде №1 жана №3 гидроагрегаттарды оңдоо иштери аяктап, техникаларды даярдоо иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, "Электр станциялар" ААКы белгилеген иш-чаралар жүргүзүлүп энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана ГЭСтердин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган. 

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/-----13.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----4-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----2-7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----5-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----3-7.jpeg)

с