> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кышка даярдык: электр жарыгы, көмүр жана мазут боюнча иштер тездетилет
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/10/kyshka-daiardyk-olkodo-elektr-zharygy-komur-zhana-mazut-boiuncha-ishter-kuchotulot/
- Published: 2026-08-10T11:28:53.000Z
- Updated: 2026-08-10T11:28:56.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдык иштери октябрга чейин толук аякташы керек. Бул тууралуу 10-августта "Ынтымак Ордо" имаратында өткөн республикалык штабдын жыйынында айтылды.**

Маалыматка ылайык, жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков төрагалык кылды. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, облустагы өкүлчүлүктөрдүн жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында өлкөнүн суу-энергетикалык абалы, электр энергиясы жана отун менен камсыздоо, ошондой эле жылуулук ишканаларынын кышка даярдыгы талкууланды.

> Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы өлкөдө электр жарыгын керектөө 19,6 млрд кВт саатка жетеши мүмкүн. Анын 15,5 млрд кВт сааты ички өндүрүштүн эсебинен камсыздалып, 4,1 млрд кВт саат электр энергиясы импорттолот.

Ошол эле учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени белгиленди. Буга байланыштуу сууну үнөмдүү пайдалануу тапшырылды.

> Алдыдагы жылытуу мезгилине өлкө боюнча 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр керектелет. Отунду кампаларга жеткирүү иштери тартипке ылайык жүргүзүлүп, кошумча көлөмдөрдү алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүүдө.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков тиешелүү жетекчилерге оңдоо иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүп, энергетикалык объекттерди кышта туруктуу иштөөгө даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/6a799ec022af6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/6a799ec407a3c.jpeg)