> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз-Тородо электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн чаралар көрүлүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/11/toguz-torodo-elektr-zharygyn-uzgultuksuz-kamsyzdoo-uchun-charalar-koruluudo/
- Published: 2026-08-11T08:54:26.000Z
- Updated: 2026-08-11T08:54:25.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Тогуз-Торо районунда электр тармактарын жаңылоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактары ишканасы билдирди.**

Тогуз-Торо райондук электр тармактар ишканасынын иш планына ылайык, райондо жалпы 8,6 чакырым СИП-2 жана СИП-3 аба чубалгыларын орнотуу пландалган.

> Учурда 0,4 кВ электр тармагында каралган 4,6 чакырым СИП-2 чубалгысынын 1,2 чакырымы орнотулду. Мындан тышкары, эски жыгач мамылардын ордуна 30 жаңы темир-бетон мамы орнотулуп, эски мамылар жана АС-50 аба чубалгылары алмаштырылды.

Кийинки баскычта 10 кВ электр тармагына 4 чакырым СИП-3 аба чубалгысын орнотуу иштери башталат.

> Адистердин маалыматына караганда, СИП чубалгылары ар кандай аба ырайынын шарттарына туруктуу. 

Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашын азайтууга багытталганы белгиленди.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----3-19.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----4-13.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/----5-9.jpeg)