> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/08/12/uch-korgon-gesinde-tort-agregattyn-ten-zhabduulary-zhanyrtylat/
- Published: 2026-08-12T06:20:55.000Z
- Updated: 2026-08-12T06:20:55.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Энергетика

**Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Аларды 2026-жылдын аягына чейин жаңылап бүтүшөт.

> Бардык иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин көбөйөт. Башкача айтканда, станциянын кубаттуулугу 18 МВтка жогорулайт.

Станцияны калыбына келтирүү иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн. Ошондой эле №3 гидроагрегат жаңыланып, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылган.

> Белгиленгендей, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктаган соң ГЭСтин төрт гидроагрегаты тең толугу менен жаңыртылат.

Маалым болгондой, Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан ГЭСте жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири иштер жасалууда.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/771400971_18115063457476120_7928464664784685643_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/772792491_18115063469476120_2667830138109088813_n.jpg)