> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларда 200дөн ашуун энергетик нөөмөттө турду
- URL: https://im.kg/energetika/2026/09/14/egemenduuluk-kununo-arnalgan-ish-charalarda-200don-ashuun-energetik-noomotto-turdu/
- Published: 2026-09-14T09:40:31.000Z
- Updated: 2026-09-14T12:59:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда авариялык кырдаалдарга жол берилбестен өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган. Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы менен облустагы энергетикалык ишканалар алдын ала комплекстүү даярдык иштерин жүргүзүшкөн.

> Адистер электр тармактарынын жана жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыз кылышкан. Ошондой эле зарыл учурда ыкчам чара көрүү үчүн нөөмөт бригадалары түзүлгөн.

Майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан учурда 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режиминде кызмат өтөшкөн. Алар электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр болушкан.