> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКФР Өзбекстандагы күн электр станциясынын иши менен таанышты
- URL: https://im.kg/energetika/2026/09/29/okfr-ozbekstandagy-kun-elektr-stantsiiasynyn-ishi-menen-taanyshty/
- Published: 2026-09-29T04:11:34.000Z
- Updated: 2026-09-29T04:11:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Өзбек\*кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү өткөн жумада Кыргызстандагы “SOLAR NATURE” компаниясынын өнөктөшү болгон “V Energy” компаниясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында, Өзбекстандагы күн электр станциясынын иши менен жакындан таанышып келишти.**

> ӨКФРдин маалыматына ылайык, күн электр станциясын “SOLAR NATURE” компаниясы Өзбекстандын “**Indorama Kokand Textile”** ишканасына орноткон.

Иш сапардын жүрүшүндө ӨКФРдин өкүлдөрү өнөр жай объектинде **күн панелдерин** пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн, алардын натыйжалуулугун жана ишкананын керектөөлөрүн камсыз кылууда **кайра жаралуучу энергия** булактарын колдонуу боюнча практикалык тажрыйбаны үйрөнүштү.

Өзгөчө көңүл **энергия чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүктөрүнө** жана мындай чечимдерди өнөр жай объектилеринде колдонуу перспективаларына бурулду.

**"Indorama Kokand Textile"** ишканасында ишке ашырылган долбоор ӨКФР үчүн Кыргызстанда келечектеги долбоорлордо ушундай технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жагынан практикалык кызыгууну жаратууда.

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду ****кайра жаралуучу энергетика** тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул долбоорлордун максаты - ****натыйжалуулукту жогорулатуу, чыгымдарды азайтуу** жана **заманбап технологияларды киргизүү**.