> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/09/30/uch-korgon-gesinde-masshtabduu-modernizatsiia-ulanuuda/
- Published: 2026-09-30T12:21:31.000Z
- Updated: 2026-09-30T12:21:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

> Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук 27 мегаваттка көбөйгөн.

Бардык иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктайт. Анда станциянын кубаттуулугу 198 мегаваттан 216 мегаватка чейин, башкача айтканда 18 мегаватка жогорулайт.

Белгилей кетсек, Нарын дарыясында жайгашкан Үч-Коргон ГЭСи 1961-1962-жылдары ишке берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станциядагы бул реконструкция - биринчи ири модернизация болуп саналат.