> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта "Баарын" чакан ГЭСи жыл аягына чейин ишке киргизилет
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/04/talasta-baaryn-chakan-gesi-zhyl-aiagyna-cheiin-ishke-kirgizilet/
- Published: 2026-11-04T03:42:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T03:41:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Айтматов районунда кубаттуулугу 4,3 мегаватт болгон "Баарын" чакан ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунун тургундары менен жолугушууда маалымдады.**

> Мамлекет башчысынын айтымында, станцияны жыл аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Мындан тышкары, Манас районундагы кубаттуулугу **25 мегаватт** болгон "Бала-Саруу" чакан ГЭСи иштеп жатат. Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктап, Папан ГЭСинде иштер уланууда.

Президент чакан ГЭСтерди куруу энергетикалык кубаттуулукту арттырууга жана аймактарды электр энергиясы менен камсыздоого багытталганын белгиледи.