> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/05/kadamzhai-reti-kuz-kysh-mezgiline-daiardyk-ishterin-toluk-atkardy/
- Published: 2026-11-05T13:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T13:47:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата тогуз айга пландалган иштерди толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, даярдыктын алкагында райондо **77 күчтүк трансформатор** жана **74 чакырым аба чубалгысы** капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле **451 көмөкчордонго** жана **819 чакырым электр чубалгысына** техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, **5,5 чакырым** жаңы аба чубалгысы тартылып, Кадамжай шаарынын Бегалиев көчөсүнө **250 кВА**, Жаңы-Жер айылына **100 кВА** кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.

Энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында райондо **15 656 акылдуу электр эсептегич** орнотулду.

Белгилей кетсек, Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы ****31 380 абонентти** электр энергиясы менен камсыздайт.

Аткарылган иштер кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга багытталган.