> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/11/elektr-tarmagynyn-kampasynan-materialdyk-baaluuluktar-zhogolup-zhatkan/
- Published: 2026-11-11T11:41:17.000Z
- Updated: 2026-11-11T11:41:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ош электр тармактары ишканасынын кампасынан материалдык баалуулуктарды системалуу түрдө ыйгарып алуу жана мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты**.

> Маалыматка ылайык, борбордук кампанын башчысы **М.А.М**. узак убакыт бою өзүнө ишенип тапшырылган, электр берүү линияларын оңдоо жана эксплуатациялоо үчүн арналган **АС-95, АС-185** жана **АС-300** маркасындагы алюминий зымдарын **мыйзамсыз сатып турган.**

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ишканага ****ири өлчөмдө** материалдык ****зыян** келтирилген. Кампадагы материалдык ****запастардын жетишсиздиги** Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын 2026–2027-жылдардын ****күз-кыш мезгилине** даярдоо алкагында оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө ****тобокелдиктерди жараткан.**

> Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого, **уурдоонун кошумча фактыларын** жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө **тиешеси бар башка адамдарды аныктоого** багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдиришти УКМКдан.