> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлек РЭТ күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аяктады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/11/leilek-ret-kuz-kysh-mezgiline-daiardyk-ishterin-toluk-aiaktady/
- Published: 2026-11-11T10:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T10:02:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Лейлек райондук электр тармактары ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча тогуз айга белгиленген иштердин планын толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасы билдирди.**

> Маалымдалгандай, даярдыктын алкагында Лейлек районунда **40 даана 6/10/0,4 кВ** к**үчтүк трансформатор** жана **118 чакырым 10/0,4 кВ** а**ба чубалгысы** капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле **170 көмөкчордонго** жана 4**65 чакырым аба чубалгысына** техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында район боюнча **8,5 чакырым жаңы аба чубалгысы** тартылып, Раззаков шаарында, Ак-Суу жана Катраң айылдарында кубаттуулугу **250 кВА** болгон **3 жаңы трансформатор** орнотулду.

Мындан тышкары, электр энергиясын эсепке алууну тактоо жана тармактагы жоготууларды азайтуу максатында район боюнча ****13 880 даана акылдуу электр эсептегич** орнотулду.

Аткарылган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, Лейлек райондук электр тармактары ишканасы учурда жалпы **17 339 абонентти** электр энергиясы менен камсыз кылат.