> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/12/batkende-akylduu-elektr-eseptegichterdi-ornotuu-ishteri-tolugu-menen-aiaktady/
- Published: 2026-11-12T04:27:09.000Z
- Updated: 2026-11-12T04:27:09.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Баткен облусунда акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын Баткен электр тармактар ишканасы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, 2026-жылы облус аймагында жалпысынан **56 253 акылдуу электр эсептегич** орнотулган. Анын ичинен **56 134ү бир фазалуу**, **119у үч фазалуу** эсептегичтерди түзөт.

Жаңы жабдуулар электр энергиясын керектөөнү аралыктан көзөмөлдөөгө, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн автоматтык түрдө алууга жана пайдаланылган электр энергиясын так эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн алуу үчүн жеринде кыдыруунун зарылдыгы азайып, адам факторунан келип чыккан каталардын алдын алууга шарт түзүлөт. 

Ошондой эле электр энергиясын мыйзамсыз пайдалануу фактыларын жана уруксатсыз кошулууларды аныктоого, тармактардагы жоготууларды кыскартууга жардам берет.

Белгилей кетсек, акылдуу эсептегичтерди орнотуу энергетика тармагын санариптештирүүгө, электр энергиясын эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыздоого жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.