> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/12/kyrgyzstanda-15-mvttyk-kalkyp-turuuchu-kun-elektr-stantsiiasy-kurulat/
- Published: 2026-11-12T10:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T10:30:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги "Чакан ГЭС" ААКтын карамагындагы ГЭС-5тин аймагында кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн фотоэлектр станциясын курууну пландоодо. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.**

> Маалыматка караганда, учурда долбоорду даярдоо иштерин жүргүзө турган консультантты тандоо жараяны жүрүп жатат. Азия өнүктүрүү банкынын CSRN порталындагы тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн **22 компания** арыз берген. Алдын ала тандоонун жыйынтыгында алты катышуучуга сунуштарын берүү үчүн чакыруу жөнөтүлгөн.

ГЭС-5те калкып туруучу күн электр станциясын пайдалануу боюнча тажрыйба бар. Кубаттуулугу **0,1 МВт** болгон пилоттук станция 2024-жылдын 1-мартында ишке берилген.

Аталган станция 2024-жылы ****133,9 миң кВт·саат**, 2025-жылы 1****41,1 миң кВт·саат**, ал эми 2026-жылдын алгачкы ****10 айында 132,5 миң кВт·саат** электр энергиясын өндүргөн.

> Министрликтин маалыматына ылайык, күн панелдерин суунун үстүнө жайгаштыруу жер ресурстарын үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана ГЭСтердин учурдагы инфраструктурасын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Долбоор күн энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө багытталган.