> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/14/toktogul-shaarynda-elektr-tarmagyn-zhanyloo-ishteri-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-11-14T09:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-14T09:25:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Токтогул шаарында электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана жаңы конуштарды электр тармагына кошуу максатында инфраструктуралык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

> Маалым болгондой, Үзөке ата, Асыран жана Бузурман көчөлөрүнө жалпы **64 бетон мамыча** орнотулуп, **8 миң метр** электр зым чубалгысы тартылды. Ошондой эле Корма цех участогуна **12 мамыча** орнотулуп, кубаттуулугу **160 кВА** болгон трансформатор ишке берилди. Төө-Карын участогунда да **10 бетон мамыча** орнотулуп, электр зымдары тартылды.

Мындан тышкары, дагы **7 эски бетон мамычаны** РЭС тарабынан орнотуу пландалууда. Аталган иштер жергиликтүү бюджеттин, атайын эсептин жана жарандардын салымынын эсебинен каржыланууда. 

Мэрия электр менен камсыздоону жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү иштери улантыларын белгиледи.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**