> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/17/kocho-zharyktary-kungo-zharasha-ochup-kuiushu-mumkun/
- Published: 2026-11-17T08:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T08:30:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Энергетика

**Көчөдөгү жарыктандырууларды бир калыпка салуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу энегергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков билдирди.**

Анын айтымында, көчөдөгү жарыктандырууларды күндүзү дагы күйгүзүлүп калып жаткандыктан өчүрүү муктаждыгы жаралган. Министрдин биринчи орун басары жарыктандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көзөмөлдөшөрүн, андыктан аларга эскертүүлөр берилгенин айтты. Ал кошумчалагандай, эми көчө жарыктандырууларына 2 түрдөгү датчиктер коюла баштайт.

> "Бардык көчөлөргө убакыт же күн менен өлчөнгөнгөн датчиктер коюлат. Мисалы, Күн чыкканда автоматтык түрдө өчүп, Күн батканда кайра күйөт. Убакыт менен өлчөнгөн датчикте белгиленген мөөнөт коюлат. Ошонун негизинде автоматтык түрдө өчүп, кайра күйүп турат", - деди ал бүгүн "Биринчи радиого" курган маегинде.