> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыяда 100 чакырым электр чубалгылары, 73 көмөк чордон оңдолду
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/18/kyzyl-kyiada-100-chakyrym-elektr-chubalgylary-73-komok-chordon-ondoldu/
- Published: 2026-11-18T08:09:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T08:08:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Кызыл-Кыя шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка караганда, 2026-жылдын 10 айында **6/10 кВ** аба чубалгыларынын **100,23 чакырымы** капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле **73 трансформатордук көмөк чордон** толугу менен оңдолду.

Мындан тышкары, **942,63 чакырым** аба чубалгысына техникалык тейлөө жүргүзүлүп, **414 трансформатордук көмөк чордонду** тейлөө иштери аяктады.

Ошондой эле Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына кубаттуулугу **250 кВА** болгон эки көмөк чордон орнотулуп, **2,04 чакырым СИП-2 үлгүсүндөгү электр чубалгылары** тартылды.

> Ишкана билдиргендей, пландагы **502 темир-бетон мамынын 328и** орнотулду.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя электр тармактары ишканасы ****36 512 керектөөчүнү** электр энергиясы менен камсыз кылат. Аткарылган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз электр камсыздоого багытталган.