> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орто-Токой ГЭСи ачылат. Электр тармагындагы жумуштар
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/18/orto-tokoi-gesi-achylat-elektr-tarmagyndagy-zhumushtar/
- Published: 2026-11-18T06:50:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T06:49:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Энергетика

**Орто-Токой ГЭСи жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев учурда техникалык ишке киргизүү этабы аяктагынан билдирди.**

> Өкмөт башчы парламенттин бүгүнкү жыйынында аталган ГЭСти мамлекет өз каржысына курганын баса белгиледи. Ал ошондой эле жыл жыйынтыкталганга чейин 6 чакан ГЭС да ачыларын айтты. 

Касымалиев күн электр станциясы жаатында дагы алгылыктуу иштер болгонун белгилеп, быйыл Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында жайгашкан ири станцияны мисал кылды. Ал жерде Бишкек солар 100мВттык күн станциясы менен РЭЦА 175 мВтык биринчи этабы ишке кирген.