> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/19/bishkek-zheb-bir-sutkada-kancha-energiia-onduro-aldy/
- Published: 2026-11-19T05:35:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T05:34:59.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Энергетика

**Бишкектеги жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатканын борбор калаа мэриясы кабарлады.**

> Маалыматта кечээ, 18-ноябрга карата станциянын жеткиликтүү электр кубаттуулугу 370 МВтты түзгөнү айтылат. Бир сутка ичинде электр энергиясын өндүрүү көлөмү 8 961 миң кВт/саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 8,4 миң Гкалга жеткен.

Жалпысынан ЖЭБде 15 казан агрегаты, туурасынан байланышкан 7 турбоагрегат жана №3, №4 энергоблоктор орнотулган. Учурда 9 казан агрегаты жана 6 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми кампада 250 миң 708 тонна көмүр бар.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**