> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде 4 гидроагрегат тең жаңыланды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/19/uch-korgon-gesinde-tort-gidroagregat-ten-zhanylandy/
- Published: 2026-11-19T09:59:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T10:11:15.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Энергетика

**"Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоодон өткөн төрт гидроагрегаттын акыркысы — №1 гидроагрегат ишке киргизилди.** 

> Энергетика министрлиги билдиргендей, ГЭтеги гидроагрегаттын баарында модернизациялоо иштери аяктап, станциянын жалпы кубаттуулугу **36 МВтка** жогорулады. 

Буга чейин гидроагрегаттардын жалпы кубаттуулугу **180 МВтты** түзсө, модернизациялоо иштери аяктагандан кийин **216 МВтка** жетти.

> "2026-жылдын ичинде компания бир эле учурда эки гидроагрегатты — **№2** жана **№1** гидроагрегаттарды жаңыртууну аяктады", - дешти мекемеден. 

> **Маалымат үчүн**: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда бул негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы масштабдуу модернизациялоо болуп саналат. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**