> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан - Болгария түз аба каттамдарын ачуу боюнча талкууланды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/24/kyrgyzstan-menen-bolgariia-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtykty-keneitet/
- Published: 2026-11-24T09:22:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T09:21:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Энергетика

**Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Болгариянын Кыргызстандагы элчиси Георги Воденски менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.** 

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү келечегин, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин келишимдик-укуктук базасын чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Анда агроөнөр жай комплекси, тамак-аш өнөр жайы, энергетика жана туризм тармактарындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. 

Болгария тарап айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

> Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн тең туристтик дарамети жогору экенин белгилеп, туристтик инфраструктураны жана курорт тармагын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти. 

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору менен эксперттик коомчулуктарынын ортосунда түз өз ара байланышты жолго коюу максатында Болгария тарап тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн тематикалык онлайн-конференцияларды өткөрүүнү сунуштады.

> Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.