> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүлүктүдө электр тармактарын жаңылоо иштери аяктады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/11/24/suluktudo-elektr-tarmaktaryn-zhanyloo-ishteri-aiaktady/
- Published: 2026-11-24T05:40:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T05:39:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Энергетика

**Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 10 айга пландалган иштерди толугу менен аткарды. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, энергетиктер **33 даана күчтүк трансформаторду** жана **51,87 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын** капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Ошондой эле **184 көмөк чордонуна** жана **698 чакырым аба чубалгысына** техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Кен-Талаа айыл аймагындагы **10 кВ "Маргун"** аба чубалгысынын **12,5 чакырым бөлүгүндөгү** эски электр зымдары жаңы **СИП-3 чубалгыларына** алмаштырылып, жыгач мамычалар бетон мамычаларга жаңыртылды. Ошондой эле **3 чакырым 0,4 кВ электр чубалгысы СИП-2 зымдарына** алмаштырылды.

2026-жылдын аягына чейин **төрт даана** **250 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордону** ишке киргизүү пландалууда.

> Энергетика тармагын санариптештирүү алкагында Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы боюнча **14 миң 728 акылдуу электр эсептегич** орнотулду. Бул электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана керектөөнү так эсептөөгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасы жалпы ****16 миң 956 абонентти** электр энергиясы менен камсыздайт. Аткарылган иштер калкты кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга багытталган.