Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана башкаруу боюнча II фаза долбоорунун алкагында Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого 5 миллиондон ашык швейцария франкын (азыркы курс менен 5.2 млн долларга жакын) бөлөт.

Долбоорду узартуу боюнча тиешелүү макулдашууга КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жана Швейцариянын КРдагы элчиси Оливье Бангертер кол коюшту.

Элчиликтин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 4 жыл. Ал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларын камтыйт.

Дипломатиялык өкүлчүлүк 2018-жылдан бери Швейцариянын “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору алгачкы медициналык-санитардык жардам системасын жана калктын саламаттыгын чыңдоого багытталганын эске салды.