ЭӨА КРнын суу кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар берет - анын жарымы 38 жылдык кредит

Кечээ, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган макулдашууга ылайык, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, ошондой эле Баткен облусундагы бир катар айылдарында суу менен камсыздоонун жаңы системаларын куруу жана мурда болгондорун калыбына келтирүү максатталган.

Мындан тышкары, долбоордук каражаттардын эсебинен Карадарья-Сырдарья-Амударья (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) дарыяларынын бассейнинде жайгашкан үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо боюнча иштер каржыланат.

Долбоордун жалпы суммасы100 млн доллар, анын ичинен, кредит – 50 млн доллар, грант – 50 млн доллар. Ал эми пайыздык чен – жылдык 0.75% өлчөмүндө берилет. Кредиттин мөөнөтү – 38 жыл, жеңилдетилген мезгил – 6 жыл.

Жыйында Айыл чарба министрлигинин өкүлү долбоор 2022-2028-жылдардын аралыгында ишке ашырыларын маалымдады.