Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда лабораторияларды өнүктүрүүгө 30 млн доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана анын жугуштуу ооруларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн 30 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда АӨБдүн басма сөз кызматы билдирди.

Финансы институтунун берген маалыматына караганда, АӨБдүн «Аймактык саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоо» долбоору 20 млн доллар грант жана 10 млн доллары жеңилдетилген насыяны камтыйт, ал лабораториялык диагностиканы жакшыртат жана алыскы чек ара аймактарында лабораториялар менен ооруканалардын ортосундагы аймактык байланышты бекемдейт.

Долбоор Бишкек жана Ош шаарларындагы төрт алдыңкы лабораториянын потенциалын күчөтүп, аларды өлкөнүн алдыңкы референс-лабораторияларына айлантат. Ошондой эле Чүй жана Ош облустарында коомдук саламаттыкты сактоонун алты лабораториясынан жана 11 клиникалык диагностикалык лабораториядан турган лабораториялык тармак түзүлөт. Долбоордун алкагында лаборатория кызматкерлерин да окутуу каралган.